Түштүк кореялык 24 жаштагы популярдуу актрисанын сөөгү өз үйүндө табылды

Түштүк кореялык актриса Ким Се Рондун жансыз денеси Сеулдагы өз үйүндө табылды. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, актрисанын жансыз денесин үйүнө издеп барган досу тапкан. Анын денесинде кыйноо белгилери болгон эмес. Полиция учурда бул боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

24 жаштагы Ким Се Рон Түштүк Кореянын эң келечектүү актрисаларынын бири болгон жана бир катар кассалык хиттерге тартылган. Акыркы жолу 2023-жылы Netflixтин хити болгон "Ищейки" сериалында роль жараткан.

Бирок анын карьерасы 2022-жылы ичимдик ичип алып, унаасы менен жол кырсыгына кабылгандан кийин төмөндөп кеткен.

Анда актриса бир нече курулуштарды, анын ичинде трансформаторлорду, тосмолорду сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен трансформатор иштен чыгып, аймактагы 57 объектиге, анын ичинде жакын жайгашкан дүкөндөргө үч сааттай электр энергиясы өчүрүлүп, соодага зыян келтирилген.

Окуядан улам Ким Се Рон 20 миллион вон айыпка жыгылып, актёрдук карьерасын дээрлик таштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан