Жаңы гимнге карата уюштурулган сынакка 16 долбоор келип түштү 

Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев Кыргызстандын жаңы гиминин жазуу боюнча сынакка 16 эмгек келип түшкөнүн билдирди.

Анын айтымында, аталган сынакка 16 эмгектен тышкары электрондук дарекке дагы 401 сунуш түшкөн. Ошондой эле сунуштар дагы деле келип жатканын айтып өттү.

"Министрликтин алдында түзүлгөн топ гимндин текстинин долбоорлорун кабыл алууда. Алардын ичинен 16 долбоор катталып кабыл алынды. Ал эми электрондук дарекке 234 жарандан 401 сунуш келип түштү. Учурда дагы деле сунуштар кабыл алынууда", - деди Ажымалиев.

Эске салсак, былтыр 25-октябрда жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүлө тургандыгын айтып чыккан. Андан кийин 30-октябрда президент Садыр Жапаров мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча "Кабар" агенттигине комментарий берип, гимнди өзгөртүүнү колдой турганын билдирген.

Мындан улам 7-февралда Маданият министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча республикалык сынак жарыялаган. Ага композиторлор, музыканттар, акындар, автордук жамааттар жана чыгармачыл бирикмелер катыша ала турганы айтылып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык бериле турганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан