Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп Азамат Кадыралиев дайындалды.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
"Кадыралиев Азамат Сактанбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги болуп дайындалды", - деп жазылат анда.