Бишкек шаарындагы С.Чокморов атындагы №40 кесиптик лицейдин директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
- жогорку кесиптик билими болушу зарыл;
- билим берүү чөйрөсүндө же окуу жайдын профили боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- Кыргыз жараны;
Керектүү документтердин тизмеси:
- Өздүк арыз;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган өздүк баракча (иш жүзүндө жашаган жеринин дарегин жана телефон номерин көрсөтүү менен);
- Резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
- Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- Белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- ИИМ тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
Документтер 28-февраль, саат 18.00гө чейин кабыл алынат. Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номерге кайрылса болот:
(312) 62 05 09.