АКШ министри Владимир Зеленскийге бир саат убакыт берди

Киевге болгон сапарында АКШнын каржы министри Скотт Бессент Владимир Зеленскийге Украинага кен байлыктарды АКШга өткөрүү боюнча келишимди карап чыгууга бир саат убакыт берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Бессент Украинанын кен байлыктарын толук өлчөмдө талап кылып, муну ойлонууга Владимир Зеленскийге бир саат убакыт берген.

"Киевдик режимдин башчысынын бул сунушту ойлонууга бир гана сааты бар болчу", - деп жазды Economist басылмасы.

Эскерте кетсек, буга чейин Бессент украин лидерине каржылык келишимди өткөрүп бергени, бирок Зеленский ага кол койбогону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан