Айыл чарба министринин орун басары эт менен картошканын кымбатташынын себебин айтты

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулунун сүт, эт азыктары менен картошканын баасынын кымбатташынын себебине кызыкты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов ортодогу жеткиликтүү бааны кармап туруу үчүн ар кандай чаралар көрүлөрүн айтты.

"Азык-түлүк баасы баланста болушу керек. Өндүрүүчүдөн баштасак, ошол эле дыйкандар "кымбат сатып, көбүрөөк пайда тапсак" деген ой менен кетет. Экинчиси, ортодон кайра иштетүүчү ишканалар "канчалык өндүрүүчүлөрдөн арзан алып, кайра кымбат сатсам көбүрөөк пайда табам" дейт. Негизгиси биздин калкыбыз, алар да арзан алгысы келет. Ошентип биз өндүрүүчүлөргө жардам берсек, ортодон кайра иштетүүчү ишканалары, аларга жардам берсек, элибиз турат. Ошондуктан биз ортодогу жеткиликтүү бааны кармоого аракет кылабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан