Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы университет жетекчилери менен жолугуп, аларды унаа токтотуучу жай курбаганы үчүн сынга алды.
Анда шаар мэри университеттер өздөрүнүн аймагын тосуп алып, ал жакта иштеген мугалимдер, студенттер унааларын көчөгө коюп жатканын белгиледи.
"Сиздер бүт баарын тосуп алыпсыздар, бул унаалар каякка барат? Этин силер жейсиңер, сөөгү мэрияга калат экен", - деди Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев бул маселени керек болсо президенттин алдында көтөрөрүн айтты.
"Силердин өзүңөрдүн аймагыңар татынакай болсо болду экен, шаар менен ишиңер жок экен да", - деди Ош шаарынын мэри.