Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка эмгектерди кабыл алуу жакында башталат

Өлкөдө адабият жана искусство жаатында Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысына көрсөтүүгө эмгектер 3-марттан 31-мартка чейин кабыл алынат. Бул жөнүндө президенттин администрациясы бүгүн, 17-февралда маалымдады.

Ага 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин жарыяланган көркөм сүрөт, музыка, театр, кино, драматургия, адабият (поэзия, проза) жаатындагы эмгектер кабыл алынат.

Мамлекеттик сый акыга көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:

  • чыгармалардын жыйнактары;
  • тиражы көрсөтүлбөгөн же 1000 (бир миң) нускадан аз жалпы
    тираж менен басылып чыккан, окулушу оор майда шрифт жана саптардын ортосундагытыгыз интервал менен басылган адабий чыгармалар;
  • изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгектер;
  • концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик коюулар.

Аталган сыйлыкка талапкерлер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана өлкөдөгү тиешелүү чыгармачыл бирликтерине кайрылуусу зарыл.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү номерге 55-77-64 байланышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан