Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дүйнө жүзү Украинадагы жаңжалды токтотуу зарылчылыгы тууралуу айта баштаганы кубандырарын билдирди. Ал бул тууралуу журналисттерге айтканын РИА Новости жазды.
Песков дүйнө эки ай мурун согушту кандай өнүктүрүүнү караштырып келгенин белгилеген.
"Орусияга дос өлкөлөрдү кошпогондо, эки ай мурун дүйнөдө баарына согушту кандай жол менен улантуу керектиги маанилүү болсо керек. Азыр баары согушту кандай болбосун токтотуу үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө сүйлөшүүгө аракет кылып жатканы кубандырат", - деген ал.