Тайвандын Коргоо министрлиги аралдын чек арасына жакын жерде Кытай армиясынын 41 учагы жана тогуз кемеси байкалганын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, 28 учак Тайвань кысыгынын орто сызыгын кесип өтүп, аралдын түндүк, борбордук жана түштүк-батыш абадан коргонуу зоналарына кирген. Тайвандын армиясы "абалды көзөмөлдөп, жооп кайтарганын" билдирди.
Тайвань менен Кытай 1949-жылы жарандык согуштан кийин бөлүнгөн. Бирок Кытай Тайванды өз аймагынын бир бөлүгү деп эсептейт.
АКШ Тайванды колдойт жана аралга аскердик жабдууларды берүүнү улантууда. Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 2027-жылга чейин кытай армиясын “глобалдык державага” айлантуу максатын белгилеген. АКШ муну Тайванга басып кирүүгө мүмкүн болгон даярдык деп эсептейт.