Күнүмдүк сооданы кантип ыңгайлуу жана үнөмдүү кылуу керек? Globus дүкөндөр тармагы убакытты жана акчаны үнөмдөөгө жардам берген заманбап ыкмаларды колдонот. Биз сизге керектүү өнүмдөрдү оңой табууга гана эмес, кошумча артыкчылыктарды алууга да жардам бере турган топ 5 чечимди тандап алдык.
Дем алыш жарманкеси
Ар дем алыш күндөрү Globus жарманкесин өткөрөт. Анда мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана чөптөрдү арзандатылган баада сатып алууга болот. Бул арзан, жаңы жашылча-жемиштерди сатып алуу үчүн гана эмес, убакытты үнөмдөө үчүн да сонун мүмкүнчүлүк. Базарга же шаардын кайсы бир белгилүү жерине баруунун кажети жок – болгону сизге эң жакын дүкөн тармагына баш багыңыз.
Өзүн-өзү тейлөөчү кассалар
Globus дүкөндөр тармагы биринчилерден болуп толук кандуу өзүн өзү тейлөөчү кассаларды киргизген. Алардын жардамы менен кардарлар товарларды өздөрү сканерлеп, төлөй алышат. Интуитивдик интерфейс бул процессти ыңгайлуу кылат. Кадимки кассадагыдай эле, бул жерде сиз тармактын мобилдик тиркемесин колдонуп, банк картасы менен сатып алуулар үчүн төлөй аласыз же QR кодун колдонсоңуз болот.
Лоялдуулук программасы
Бонустук программа кардарларга эксклюзивдүү арзандатууларга, лотереяларга жана жарнамалык товарларга мүмкүнчүлүк берет. Топтолгон бонустар (1 бонус = төлөгөндө 1 сом), алар менен сиз сатып алуулардын 50 пайызына чейин төлөй аласыз. Бонустун чегерилиши сатып алуу суммасына жараша болот: 800 сомдон жогоруу сатып алуу үчүн ар бир 100 сомго 1 бонус берилет, ал эми 2000 сомдон жогору болсо ар 100 сомго 2 бонус, 5000 сомдон жогору болсо 3 бонустан берилет. Бул программа дүкөндүн карта ээлерине да, мобилдик тиркемесинин колдонуучуларына жеткиликтүү.
Туулган күн үчүн арзандатуулар
Бул лоялдуулук программасынын бир бөлүгү жана Globus дүкөндөр тармагынын дагы бир жакшы бонусу. Сатып алуучу туулган күнүндө үйдө өндүрүлгөн товарларга – тортторго, салаттарга, боорсокторго жана кондитердик азыктарга 30 пайыз арзандатууга, ошондой эле эки эсе көп бонустарга ээ болот. Балдарыңыздын туулган күнүндө да ушундай эле арзандатуулар жана шарттар каралган. Бул чечим эс алууну уюштурууда акчаңызды үнөмдөөгө жардам берет.
Мобилдик колдонмо
Globus'тун өзгөчөлүктөргө бай чечимдеринин бири бул анын мобилдик тиркемеси. Жогоруда айтылган акциялардан жана бонустардан тышкары, ал соода процессин жеңилдеткен бир катар ыңгайлуу куралдарды камтыйт.
• “Баа текшергич” – сизди кызыктырган товардын баасын текчеден эле тез арада текшерүү мүмкүнчүлүгү. Жөн гана пакеттеги штрих-кодду сканерлеңиз. Дүкөнгө ченелү акча менен келген жана андан ашкча сарптоону пландабагандар үчүн ыңгайлуу.
• “Globus - онлайн” – каалаган жерден, каалаган убакта, үйүңүзгө, кеңсеңизге же сатып алуучуга ыңгайлуу каалаган жерге жеткирүү менен сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул өзгөчө күздүн жаан-чачындуу күндөрү үйдөн кайра чыккыңыз келбей турганда ыңгайлуу.
• “Сүйүктүү продукт” – бул функция кардарлардын сүйүктүү товарларына кошумча арзандатууларды алууга мүмкүндүк берет.
• “Купондор” – бул опция мобилдик тиркеменин колдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү жана өзгөчө артыкчылыктары менен жаңы өнүмдөрдү сынап көрүү мүмкүнчүлүгү.
Globus дүкөндөр тармагынын заманбап чечимдерин колдонуу оңой. Болгону мобилдик тиркемени жүктөп алып, анын бардык артыкчылыктарын колдонсоңуз болот. Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алсаңыз болот.
Globus ири ата мекендик чекене сатуучу, Umai Group компаниясы тарабынан башкарылган төрт тармактын бири болуп саналат. Компания ошондой эле SPAR, Народный жана Достор сыяктуу дүкөндөрдү башкарат. Жалпысынан булар 130дан ашык дүкөндөр, күнүнө 250 миң кардарлар жана 65 миң чарчы метрден ашык соода аянты, арзан баада сапаттуу товарлардын кеңири ассортиментин сунуштайт.
"Умай Групп" ишенимдүү жеткирүүчүлөр менен гана кызматташат, компаниянын дүкөндөрүндө сатылган ар бир продукт Кыргызстандын мыйзамдарында жана компаниянын стандарттарында талап кылынган бардык зарыл болгон сапат сертификаттарына ээ.