Өзбекстанда чиновниктер жыйында отурган жеринен кармалышты

Коңшу Өзбекстандын Самарканд шаарында электр жана газ менен камсыздоочу ишканалардын 7 кызматкери жыйын учурунда коррупцияга айыпталып кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

Жыйын 14-февралда Башкы прокурордун орун басары Шохрух Аминовдун жетекчилиги астында өткөн. Алар коррупциялык схемаларды жана аларды жоюу чараларын талкуулап жатышканда, кылмышка шектелген жети кызматкер залда отурган жеринен кармалган.

Аларды кесиптештеринин көзүнчө колуна кишен салып алып чыгып кетишкен. Кийинчерээк сот аларды камоо чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан