Мюнхен коопсуздук конференциясынын (MSC) төрагасы Кристоф Хойсген иш-чаранын жабылышындагы жыйынтыктоо сөзүндө эмоциясын кармай албай, көзүнө жаш алды.
Конференция 14-февралдан 16-февралга чейин Германияда өткөн.
Анда Хойсген Европа лидерлерине, айрыкча Украинанын президенти Владимир Зеленскийге АКШнын вице-президентинин конференциядагы сөзүнө жасаган реакциясы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ушундан кийин спикер сөзүн токтотуп, үнү титиреп, ыйлап жиберген. Көрүүчүлөр аны кол чабуулар менен колдоп, ал сахнадан түшүп кетти.
Анын эмоционалдуу сүйлөгөнү The Express Tribune гезитинин YouTube каналында жарыяланган.
Бул анын төрагалык кызматтагы акыркы сөзү болчу. Ал Мюнхен коопсуздук конференциясынын төрагасы болуп 2022-жылдан бери иштеп келген.
Эске салсак, АКШнын вице-президентинин Мюнхен коопсуздук конференциясында сүйлөгөн сөзү иш-чаранын биринчи күнүндөгү эң көп талкууланган окуя болуп калды. Анда Вэнс Европаны демократияга жана сөз эркиндигине кысым кылып жатат деп катуу сынга алган.