Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Украинанын лидери Владимир Зеленский жолугат. Бул тууралуу Түркия президентинин администрациясынын алдындагы коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу бүгүн, 18-февралда Түркияда өтөт. Зеленский Түркияга Эрдогандын чакыруусунун алкагында расмий сапар менен келе турганы айтылды.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Түркия менен Украинанын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн бардык аспектилери каралат. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган кадамдар талкууланып, Украинадагы акыркы окуялар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт", - деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-февралда Сауд Арабияга АКШ, Орусия жана Украинанын өкүлдөрү барганы кабарланган.