Атактуу америкалык мушкер Майк Тайсон коркунучтуу делген Паркинсон оорусуна чалдыккан. Бул тууралуу америкалык блогер жана мушкер Жейк Пол айтып чыкты.
"Майк Тайсон биздин беттештин алдында Паркинсон менен жабыркап жатканын билдим. Ал беттешке чыгуу үчүн дарылануудан өткөн", - деген Пол.
Тайсондун кумири, легендарлуу мушкер Мухаммед Али дал ушул Паркинсон оорусунан жабыркап, 2016-жылы каза болгон.
Паркинсон оорусу – бул улуу курактагы адамдарга мүнөздүү, жай прогрессивдүү өнөкөт оору.