Куба АКШ бийлигиндеги теги кубалык аткаминерлерден жакшылык күтпөйт. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.
"Ак үйдө бийликке ушунчалык жакын болгон куба тектүү америкалык саясатчылардын тобунан биз жакшы нерсе күтпөйбүз... Алар Кубага каршы ыплас согуш бизнесинин аркасында өз чөнтөктөрүн толтурууга жетишти", - деп министрлик билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
АКШда президент Дональд Трамптын жаңы администрациясы менен бийликке келген эң көрүнүктүү теги кубалык саясатчылардын арасында мамлекеттик катчы Марко Рубио менен АКШнын Латын Америкасы боюнча атайын өкүлү Маурисио Клавер-Кароне бар. Экөө тең Трамптын биринчи мөөнөтүнүн тушунда да (2017-2021) кызматта болушкан.
Рубионун ата-энеси Кошмо Штаттарга 1956-жылы келишкен жана 1975-жылы Американын жарандыгын алышкан.