Түштүк Америкадагы Боливиянын Потоси департаментинде автобус болжол менен 800 метр бийиктиктен капчыгайга кулап түштү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, кырсыктын кесепетинен 31 жаран жеринде каза болгон. Алардын саны дагы өсүшү мүмкүн экендигин полиция ырастаган. Ооруканага 15 жүргүнчү жеткирилген.
Автобус Потоси шаарынан Оруро шаарына бара жатып дарыядагы көпүрөгө бир нече метр калганда капчыгайга кулап түшкөн. Кырсыктын себептери азырынча тактала электиги маалыматта кошумчаланган.