Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн "Панцирь-С1Э" зениттик-ракеталык жана курал системасы Калифорнияда тартылган сүрөттөрдө байкалды. Бул тууралуу "Военный осведомитель" Телеграм каналы жазды.
Колдо болгон маалыматтарга караганда, орусиялык абадан коргонуу ракеталык комплекси Ливиядагы америкалык аскерлер тарабынан 2020-жылдын июнь айында алынган. Андан кийин ал Германияга НАТОнун "Рамштайн" авиабазасына жеткирилген. Андан ары АКШ аны өлкөсүнө алып кеткен.
"Панцирь-С1Э" азыр АКШдагы Форт-Ирвин аскердик базасында турат. Сүрөттөргө караганда, Орусиянын абадан коргонуу ракета системасы согушка даяр абалда.
"Панцирь-С1Э" – зениттик системалары бүткүл дүйнөгө аба коркунучтарын кайтарууда натыйжалуулугу менен белгилүү. Анын ар кандай моделдери атайын аскердик операциялардын зонасында жана Орусиянын чек ара аймактарында дайыма колдонулат.