Акыйкатчы жашы жете элек кыздардын никеге туруу учурларын алдын алууга чакырды

Акыйкатчы институту пилоттук долбоор катарында Сузак районунда эрте никенин алдын алуу максатында мониторинг жүргүздү. Мекеме мындай иш-чаралар өлкөнүн башка облустарында да жүргүзүлөрүн билдирди.
Ага ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды жашы жете элек кыздардын никеге туруу учурларын алдын алууга чакырды.
Кыздардын эрте турмуш куруусуна жол бербөө үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Эрте никенин кесепеттерин балдарга мектептерде жана үйдө байма-бай түшүндүрүү керек”, - деди акыйкатчы.
Сузак РИИБинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 9 айында эрте никеге туруу боюнча 23 учур катталган. Анын 21и тергөө учурунда кыскартылып, 2 иш боюнча тергөө амалдары улантылууда.
Ал эми Жалал-Абад облусунун прокуратурасы берген маалыматка таянсак, 2024-жылдын 9 айында 21 жашы жете элек кыз саламаттыкты сактоо мекемелеринде кош бойлуулук боюнча каттоого тургандыгы же төрөгөндүгү тууралуу жазылган. Анын ичинен 3 учур гана сотко өткөн. Калган 18 факты боюнча Сузак райондук милициясы кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Сузак районунун төрөт үйүнүн билдирүүсүндө, 2024-жылдын 9 айында Сузак районунда 5 өспүрүм төрөгөн.
Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын “Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо” бөлүмүнө 2024-жылдын 11 айында 17 жаран нике жашын төмөндөтүүнү сурап, арыз менен кайрылган. Алардын арызынын негизинде 17 өспүрүм кыздын нике жашын төмөндөтүүгө уруксат берилгени маалым болду.
Акыйкатчы институту аталган комиссиянын чечимининин мыйзамдуулугун аныктоо үчүн Башкы прокуратурага кат жолдогон. Ага Жалал-Абад облустук прокуратурасы мыйзам бузууларга жол берген кызматкерлерге тартиптик чара көрүү үчүн Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысына сунуштама жибергенин билдирди.
"Сузак районунда эрте турмушка чыгып кеткен кыздардын бири – орто мектепте билим алып жаткан 16 жашар окуучу. Ал өзүнөн 6 жаш улуу жигит менен үй-бүлө курганы маалым болду. Жашы жете элек өспүрүмгө аталган айылдын 71 жаштагы имамы нике кыйган", - деп жазалат анда.
Бул иш боюнча Базар-Коргон РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы маалым болду. Ал эми муфтияттын маалыматына караганда, имам өз эрки менен жумуштан кеткен.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, республика боюнча 2023-жылы 15-17 жашка чейинки 310 кыз көз жарган.
Акыйкатчы институту жашы жете элек кыздардын укуктарынын сакталышын күчөтүүгө Башкы прокуратурага, Билим берүү министрлигине, ИИМге жана муфтиятка кат жолдоду.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2024-жылдын 12 айында өлкө боюнча жашы жете электерге нике кыюу боюнча жалпысынан 29 кылмыш иши козголгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан