Орусияда кыргызстандык кыз полицияга 100 миң рубль сунуштаганы үчүн кармалды

Орусиянын Курск облусунун соту кыргызыстандык Н.Ж. аттуу жаранды эки айга камакка алды. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Маалымдалгандай, облус сотунун басма сөз кызматы 17-февралда аталган чечим боюнча билдирип, ал полиция кызматкерине 100 миң рубль пара сунуштаганын айткан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Кыргызстандын жараны Орусияда мыйзамсыз жүргөндүгү аныкталган. Ал полиция кызматкерине медициналык мекемеде алкоголдук ичимдикке экспертиза тапшырып жатып акча сунуштаган. Укук коргоо кызматкери акчаны алуудан баш тарткан.

Аялга карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 30-291-беренеси ("Пара берүүгө аракет кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, ал эки айга камакка алынган. Мындан тышкары аны депортациялоо иши да каралып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан