АКШнын президенти Дональд Трамп ушул аптада Ички коопсуздук министрлигинин жогорку кызматындагы жүздөгөн адамдарды кызматтан алышы мүмкүн. Бул тууралуу NBC News телеканалы өздүк булактары билдиргенин маалымдады.
Булактар бийлик муну менен кызматкерлерди кыскартууну максат кылбаганын, анын маңызы Трамптын койгон пландарынын ишке ашышына тоскоол боло турчу кызматкерлерди кызматтан алуу экенин белгилешкен.
Телеканал АКШнын Ички коопсуздук министрлиги өлкөнүн миграция мыйзамдарын ишке ашырууга милдеттенген негизги тармак экенин жазат.