Кыргызстанда Орусиянын "МИР" картасы аркылуу жасалган каржылык операциялар толугу менен токтоду. Бул тууралуу "Акчабар" каржы порталы жазды.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын үчүнчү кварталынын соңуна карата бул карталарды колдонуу менен бир дагы төлөм жана акча чыгарып алуулар катталган эмес.
Өлкөдөгү коммерциялык банктар 2022-жылдын ноябрь айынан тарта аталган банктын карталарын тейлөөдөн баш тарта баштаган. Ал эми 2024-жылдын жарымында, тактап айтканда, апрель айында Кыргызстандын “Элкарт” төлөм системасынын өкүлү болгон Банктар аралык процессинг борбору Орусиянын "МИР" төлөм системасынын карталарын тейлөөнү токтоткон. Мындан улам Кыргызстанда аталган карта менен төлөө жана накталай акча алуу мүмкүнчүлүгү жоюлган.
Учурда Орусиянын "МИР" картасы аркылуу жасалган бардык каржылык операциялар толугу менен токтотулду.