Украинанын президенти Владимир Зеленский күтүүсүздөн күндө элине жасап жаткан кайрылууларын токтотту.
Украин лидеринин акыркы кайрылуусу бейшемби күнү, 13-февралда жарыяланган. Бул жаңжал башталгандан берки эң узак тыныгуу.
Бул убакыттын ичинде Зеленский бир катар эл аралык жолугушууларды өткөрдү. Ал АКШнын каржы министрин кабыл алды, ошондой эле Мюнхенде жана БАЭде да болду. Ошол эле учурда журналисттер ал сапарларда дагы кайрылууларды жаздырып жүргөнүн белгилешүүдө.
Учурдагы тыныгуунун себептери айтылган жок.