Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча сунушталып жаткан жаңы мыйзам тууралуу пикирин билдирди.
"Долбоор колдоого алына турган болсо, анда элине кадыры бар талапкерлер гана шайланып, элдин эркин тандоо кылуусуна шарттар түзүлөт экен. Бул долбоор учурдагы пропорционалдык (партиялык тизме) жана можаритардык (бир мандаттуу округдар) системалардын кемчиликтерин жоюуга багытталган...
Жаңы система - депутаттарды аймактар менен тыгыз иштөөгө мажбурлайт. Партиянын курамына кирүү үчүн ири суммадагы акча каражатын партиянын лидерине берген терс көрүнүштөр эми болбойт. Депутаттыкка талапкер шайлоочудан башка эч кимге көз каранды болбойт", - деп жазган.
Ошондой эле ал 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого катышканын белгилеген.
"Мен дагы бир мандаттуу Алай шайлоо округунан талапкер болуп катышканмын. Жыйынтыгында 2-орунда келип, 6 миң 439 добуш менен депутаттыкка өтпөй калдым. Бирок өлкө боюнча жалпы катышкандардын ичинен эң көп добуш чогулткан рейтингдеги 90 талапкердин тизмесинде 78-орунга жайгашкам. Ошол эле кезде 700, 1 000 добуш алган партиялык тизмедеги талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаты болуп мандат алышты", - деп кошумчалады Орунбеков.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Анда өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары белгиленген.