84 жыл чогуу жашаган жубайлар Гиннесстин рекорддор китебине кирди

84 жыл чогуу жашаган бразилиялык жубайлар Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, жубайлар Мануэль Ангелим Дино менен Мария де Соуза Дино расмий түрдө эң узак бирге түтүн булаткан жубайлар катары Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Алардын 84 жыл 77 күнгө созулган жашоосу Валентин күнүндө жүз жылдык никелерди изилдөө боюнча адистешкен "LongeviQuest" уюмунун жардамы менен тастыкталды.

Мануэль менен Мария 1936-жылы таанышып, 1940-жылы Бразилиянын Сеара шаарында баш кошушкан. Алар чогуу 13 баланы тарбиялап өстүрүп, андан сырткары 55 небере, 54 чөбөрө, 12 чеберелүү болушкан.

Гиннесстин рекорддор китебинин өкүлдөрү мындай узак нике өзгөчө көңүл бурууга татыктуу болгон сейрек кездешүүчү жана таңкалычтуу жетишкендик экенин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан