
Кыргызстандын тайбокс боюнча курама командасы дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүү максатында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, спорттук иш-чара 9-20-март күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтөт. Ага кыздар арасындагы спортчулардан 6, эркектерден 18 мушкер катышат.
Аларды машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дильшат Даутов, Александр Кононенко, Али-Мурад Гаджиев машыктырып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.