
Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөсү
Адилет Камчыбеков Дубай шаарында өткөн Дүйнө Гран-Приси мелдешинде коло медалга ээ болду.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти кабарлагандай, мелдеш 6-13-февраль күндөрү өтүп, жалпы 52 өлкөдөн келген 500дөн ашык спортчу катышкан.
Курама команда башкы машыктыруучу Алмаз Абировдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.