Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия жана АКШ өкүлдөрүнүн Эр-Рияддагы жолугушуусунан кийин 19-февралда Сауд Арабияга барбай турганын билдирди.
Ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккандан кийин өткөн басма сөз жыйынында, “Мен Сауд Арабияга барбайм” деди.
"Украинадагы согушту кантип токтотуу же кайсы белгилүү бир шарттар боюнча Украинасыз чечим кабыл алуу мүмкүн эмес. Биз бул жолугушууга чакырылган жокпуз, Сауд Арабиядагы орус-америкалык жолугушуу биз үчүн күтүүсүз болду, мен ойлойм, көпчүлүк үчүн ушундай болду. Биз бул маалыматты массалык маалымат каражаттарынан көрдүк", - деди ал өз чечимин түшүндүрүп.
Зеленскийдин айтымында, анын падышалыкка сапары азыр 10-мартка жылдырылды.
"Биз азыр эле Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман аль Сауд менен байланышып, 10-мартта расмий сапар менен барам деп макулдаштык. Ал эми АКШны Киевде күтөбүз", - деп кошумчалады ал.
Буга чейин Зеленский 19-февралда Сауд Арабияда болорун билдирген.