Дональд Трамп Орусия менен АКШнын Эр-Рияддагы сүйлөшүүсү боюнча билдирүү жасады

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен Америка делегацияларынын Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрүн “абдан жакшы” деп атады.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп жолугушуудан кийин Орусия менен Украинанын ортосунда жөнгө салуу келишимине жетишерине ишеничи күчөгөнүн кошумчалаган.

"Биз муну бүтүргүбүз келет. Бул маанисиз согуш", - деди Трамп.

Ал ошондой эле согуш анын тушунда болмок эместигин айтып, аскердик жаңжалды бир нече жыл мурун эле аймактык жоготууларсыз чечсе болмок экендигин билдирген.

Сауд Арабиядагы сүйлөшүүлөр кечээ, 18-февралда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан