Европа футбол ассоциациялар биримдиги (УЕФА) испаниялык калыс Хосе Мунуэра Монтеронун оюндарды тейлөөсүнөн четтетүүгө кошулду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Ла Лиганын 24-турдук оюнунун алкагындагы "Реал Мадрид" менен "Осасуна" клубунун ортосундагы оюнда (1:1) Монтеро мадриддик клубдун жарым коргоочусу Жуд Беллингемди талаштуу түрдө оюндан четтетип, үй ээлеринин пайдасына пенальти белгилеген.
Мындан улам 41 жаштагы калыс 25-турдук оюндарга катыша албайт. Учурда анын футболдон тышкаркы ишмердүүлүгү боюнча иликтөө иштери башталды. Ага байланыштуу ал беш жылга чейин футболдон четтетилиши мүмкүн.
Ла Лиганын артынан эле УЕФА дагы бул чечимдерди колдоду. Анда уюм жакын арада бул калысты беттештерге дайындабай турганын белгиледи.