Аргентиналык легендарлуу чабуулчу Лионель Месси футболдогу карьерасын качан аяктай турганы белгилүү болду.
El Nacional басылмасынын маалыматы боюнча, 37 жаштагы футболчу келишим боюнча алдыдагы 12 айды Американын "Интер Майами" клубунда өткөрөт. Андан кийин бала кезинде ойногон "Ньюэллс Олд Бойз" клубуна кошулат.
Аргентиналык клубда 6 ай ойногондон кийин клубдук карьерасын аяктап, 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна барат. Дал ушул Дүйнө чемпиондугунан кийин Месси футболдук карьерасын аяктайт.