АКШ президенти Дональд Трамптын туулган күнүн өлкөдө белгиленген желек күнү менен чогуу белгилөө сунушталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Республика партиясынын өкүлү Клаудиа Тенни АКШдагы желек күнүн 14-июнда Трамптын туулган күнүнө айкалыштырып белгилөө керектигин айтып, мыйзам долбоорун сунуш кылган.
Анын айтымында, Трамптын туулган күнү жыл сайын февралдын үчүнчү дүйшөмбүсүндө федералдык майрам катары белгиленген Жорж Вашингтондун туулган күнү сыяктуу мамилеге татыктуу.
Ал эми социалдык тармактын айрым колдонуучулары мындай мыйзам долбоорун сунуш кылган Клаудиа Теннини колдоп, туура кабыл алган. Ошол эле учурда андай мыйзам кереги жоктугун айтып, каршы чыккандар дагы болгон.