Индонезияда крокодил улгайган адамга кол салды

Индонезиядагы "Cimory Dairyland" сейил багында крокодил улгайган адамга кол салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда жазылды.

Маалым болгондой, окуя 17-февралда болгон. Анда сейил бактагы жакында селден куткарылган крокодил ага тамак берүүгө аракет кылган адамга кол салган. Бул учурда тартылып алынган кадрлар интернетке тараган.

"Ал крокодилге бир кесим эт берүүгө аракет кылып жатканда ага жырткыч жаныбар кол салды. Жергиликтүү тургундар ага дароо жардам көрсөтүштү. Анын колу катуу жаракат алып, ооруканага жеткирилди", - деген окуяга күбөлөрдүн бири.

LADBible. басылмасынын жазганына караганда, крокодил кайра жаратылышка коё берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан