Түркияда белекке берилгенден көп өтпөй ээсине качып барган төө куш көпчүлүктү жашытты (видео)

Түркиянын Диярбакыр аймагында дыйкан өзү баккан төө кушту Стамбулдан келген ишкерге белекке берип, үч күндөн кийин төө куш кайра качып келген. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышып, андагы видео менен бөлүшүштү.

Төө куштун эркеги өлгөндөн кийин дыйкан Фесих Атеш аны Стамбулдагы 31 жаштагы май куюучу станциянын жетекчисине берген. Бирок төө куш эртеси күнү май куюучу жайдын бакчасынан качып кеткен.

Ал Стамбулдан Диярбакырга чейин үч күн чуркап, акыры үйүн тапкан. Ишкер үч күн бою аны издеген.

Төө куш жолдо катар иттерге таланып келген.

"Каякка барбайын ал мени ээрчип жүрчү. Ал ушунчалык эмоционалдуу жаныбар", - деген төө куштун ээси Атеш журналисттерге.

Ал төө куш жоголгонун укканда алгач капа болгонун, бирок үйүнүн алдына келгенин көргөндө көргөн көзүнө ишенбегенин кошумчалаган.

Түркияда белекке берилгенден көп өтпөй ээсине качып барган төө куш көпчүлүктү жашытты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан