Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы кичинекей көрүүчүлөр үчүн "Амантай менен Айтуяк" жана "Быйтыктар" аттуу кыргыз тилиндеги эки жаңы 3D анимациялык мультсериалдарды даярдады. Бул туурасында мекемеден билдиришти.
Маалымдалгандай, бул долбоорлор "мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын" алкагында ишке ашырылды.
"Мультсериалдар жаш балдардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана аларга пайдалуу билим берүүгө багытталган. Тасмалар жакынка арада “Баластан” телеканалы жана киностудиянын “Кыргызфильм анимация” Ютуб-каналы аркылуу көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. “Карек” балдар фонду менен биргеликте өндүрүлгөн "Амантай менен Айтуяк" мультсериалы 8 бөлүмдөн турат жана 1 жаштан 3 жашка чейинки балдар үчүн атайын даярдалган. Сериал жомоктордо жана эпостордо кездешкен канаттуу жылкылардын тукуму болгон кулун менен Амантайдын достугун баяндап, кызыктуу окуялар аркылуу балдарга маанилүү түшүнүктөрдү жеткирет. Мультсериалдын сценаристи Токтобек Үсөнов, ал эми режиссёру жана көркөм жетекчиси Айбек Дайырбеков.
"Быйтыктар" мультсериалы 12 бөлүмдөн туруп, жаныбарлардын балдарынын образдары аркылуу балдарды дүйнөнү изилдөөгө жана айлана-чөйрөгө кызыгууга, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, аларды ата-энелери менен активдүү баарлашууга чакырат. Бул тасманын сценаристтери Салтанат Иманкулова, Асел Иманкулова жана Регина Суранова болсо, режиссёру Айжамал Акчалова", - деп айтылган маалыматта.