20-февралда Ош жана Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидрометтин маалыматында көрсөтүлөт.
Ага ылайык, башка аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +6 ... +11;
Талас жергесинде +5 ... +10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +7 ... +12;
Ысык-Көлдө +2 ... +7;
Нарын дубанында +1 ... +3;
Бишкекте +8 ... +10 градус болот.