Орусияда 157 жүргүнчүсү бар учак авариялык конууга бара жатат. Бул чукул кабарды РИА Новости кабарлады.
Маалымдалгандай, “NordStar Airlines” авиакомпаниясынын Красноярсктан Норильскке учуп бара жаткан Boeing 737-800 учагы авариялык конууну пландап жатат.
“№207 Красноярск - Норильск каттамы боюнча учкан Boeing 737-800 учагы авариялык конууну пландап жатат”, - деди агенттиктин маектеши.
Ошондой эле ал экипаж мүчөлөрүнөн тышкары учакта жалпы 157 жүргүнчү бар экенидигин кошумчалаган.