Владимир Путин тонналаган мазут ташып бара жатып деңизге чөгүп кеткен танкерлер боюнча билдирүү жасады

Кара деңизде чөгүп кеткен орусиялык танкерлерди тез арада көтөрүү керек. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда билдирди.

"Эмне үчүн алар ошол жерде жатат? Ал жерде тешиктер пайда болушун күтүп жатасыңарбы? Биз деңиздин түбүндө жаткан кемелерди кантип көтөрөбүз деп ойлонушубуз керек", - деди орус лидери.

2024-жылдын 15-декабрында 9 миң тоннадан ашык мазут ташып бара жаткан Волгонефть-212 жана Волгонефть-239 танкерлери Кара деңизге чөгүп кеткен.

Кырсыктын натыйжасында мунай продуктуларынын бир бөлүгү Кара деңизге жайылып, андан соң Анапа, Темрюк аймагы жана Крымдын пляждарына жайылган. Учурда деңиздин түбүндө 4-5 миң тоннага жакын мазут калганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан