Кремль Владимир Путин менен Дональд Трамп качан жолугушу мүмкүн экенин айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамп февралдын аягына чейин же андан кечирээк жолугушуусу мүмкүн. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.

Песковдун айтымында, Трамп менен Путиндин жолугушуусу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги аркылуу белгилүү даярдыктарды талап кылат.

Ал ошондой эле Путин АКШ Украина боюнча кимди дайындаганына жараша Орусия дагы өз өкүлүн дайындай турганын айтты.

"Биринчиден, америкалык тарап Украина боюнча биз менен ким сүйлөшөрүн айтат. Америка тарап өз адамын бергенден кийин, ага жараша президентибиз биздин өкүлүбүз ким болорун чечет", - деди Песков.

Дональд Трамп бир күн мурун Владимир Путин менен февралдын аягына чейин жолугушушу мүмкүн экенин айткан.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 18-февралда Путин менен Трамптын жолугушуусу “кийинки жумада, башкача айтканда, 24-февралдан 2-мартка чейинки аралыкта өтүшү мүмкүн” деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан