Казакстандын Тышкы иштер министрлиги фрилансерлерге, стартаптарга жана квалификациялуу адистерге жаңы визаларды сунуштады

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык корпустун, Казакстандын чет өлкөлүк мекемелеринин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө визанын жаңы категорияларын киргизди. Бул туурасында брифинг учурунда маалым болду.

Маалымдалгандай, иш-чарада Neo Nomad Visa, Digital Nomad Visa жана B9 визалар боюнча маалымат берилди.

Брифингге Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко, туризм жана спорт вице-министри Ержан Эркинбаев, ошондой эле Жасалма интеллект жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Мирас Закиев катышты.

Василенконун айтымында, визанын жаңы категориялары Казакстанда жашап жана иштөөнү каалаган чет элдик жарандар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Ал эми Туризм боюнча вице-министр Эркинбаев Казакстан эл аралык деңгээлде чет өлкөлүктөр үчүн жеткиликтүү өлкө бойдон калып жатканын белгилеп, бул туризмдин өсүшүнө чоң салым кошо тургандыгын айтты. Ал 2024-жылы өлкөгө 15,3 миллион адам келип, мурунку жылга салыштырмалуу 66 пайызга көп экендигин тастыктады.

  • Neo Nomad Visa (B12-1) санариптик көчмөндөр, аралыкта иштеген жана жумуш менен саякатты айкалыштырган чет элдик жарандар үчүн иштелип чыккан. Визанын бул түрүн киргизүү Казакстандын туристтик аймак катары таанылышын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.
  • Digital Nomad Visa (B9-1) “санариптик көчмөндөргө”, тактап айтканда, каалаган өлкөнүн адистерине (фрилансерлерге, жеке ишкерлерге, стартап уюштуруучуларына) Казакстанда узак убакытка калууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
  • Residence Visa (B9) атайын медицина, илим, инновация, билим берүү жана чыгармачыл индустрия сыяктуу чөйрөлөрдө жөндөмү бар чет элдик адистерди тартуу үчүн иштелип чыккан. Бул чет өлкөлүк жарандарга өлкөдө 90 күнгө чейин калууга мүмкүндүк берет.

Тышкы иштер министрлиги жаңы виза саясаты Казакстандын таланттуу адистердин жана инновациялык долбоорлордун борбору катары позициясын бекемдей турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан