Психология адистиги боюнча жогорку билими жоктордун кызматтарын жарнамалоого тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 18-февралда коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам парламент депутаттары Марлен Маматалиев, Гүлшаркан Култаева жана Илимбек Кубанычбеков тарабынан иштелип чыккан. Документте учурда психологдорго кайрылгандар көбөйгөнү, аны менен бирге тиешелүү кесиптик даярдыгы жок, курс, тренинг жана консультация сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөткөн адамдардын саны да өсүп жатканы айтылат. Алар көбүнчө өз кызматтарын социалдык тармактарда байма-бай жарнамалагандыктан өспүрүмдөр менен жаштар арбын кайрылышат.
Долбоордун негиздеме катында адистиги жоктор кайрылгандардын психологиялык саламаттыгына терс таасир тийгизери жана кардардын купуялуулугун сактабастан этикалык нормаларды бузуусу мүмкүн деп жазылган. Анда мындай кызматтардын жарнамасына көзөмөлдүн жоктугу алдамчылыктын жайылышына алып келери белгиленген. Аталган документ "Жарнама жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөйт.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш өткөн жылдын жайында көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Бир айдан соң президент Садыр Жапаров ага кол койгон.