Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Орусиянын Москва шаарына 9-Май – Жеңиш майрамына келет. Бул тууралуу "РИА Новости" басылмасы Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго таянып жазды.
"Төрага Си Цзиньпин Москвага кезектеги сапары 9-Майга Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин урматына арналган салтанаттуу иш-чарага туш келди.
Ал эми президент Владимир Путин Кытайга августтун аягында – сентябрдын башында япондук милитаризмдин үстүнөн болгон жеңиштин жана Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгына байланыштуу бара турган болду", - деген Лавров.
Буга чейин Орусиянын Кытайдагы элчиси Игорь Моргулов РИА Новостиге берген маегинде Си Цзиньпин Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга Владимир Путиндин чакыруусун кабыл алганын билдирген.