
Бишкекте 27-28-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча жаштар (U-20) арасында Кыргызстандын биринчилиги өтөт.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Анда катышуучулар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97, 125 килограмм салмак категорияларында күч сынашат.