Быйыл Бишкектеги айланма жолдун канча чакырымы асфальтталары белгилүү болду

Быйыл Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Бул туурасында бүгүн, 19-февралда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Алмата–Бишкек–Ташкент жолунун 6 чакырымын жана Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун 9,1 чакырымын реконструкциялоо такталган.
Учурда алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан иштер жүрүп жатат. Анын алкагында министрлик жана муниципалитет тарабынан жол жээгинде жайгашкан курулуштарды бузуу, тазалоо иштери уланып жаткандыгы маалыматта кошумчаланган.
Белгиленгендей, түндүк айланма жолдун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Долбоордо эки деңгээлдүү 6 жол түйүнү каралган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан