Тогуз депутат ЖККУнун медалдары жана Ардак грамотасы менен сыйланды (сүрөт)

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) "Парламенттик кызматташууну бекемдегени үчүн" медалы жана Ардак грамотасы менен сыйланды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, сыйлыктарды төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев эл өкүлдөрү Эльвира Сурабалдиева, Сеид Атамбаев, Бактыбек Чойбеков, Динара Ашимова, Нилуфар Алимжанова, Алишер Эрбаев, Гүлкан Молдобекова, Арсланбек Малиев, Равшанбек Рысбаевге тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземинде Сыдыгалиев кесиптештеринин мыйзам чыгаруу органындагы жигердүү имшердигин, эл өкүлчүлүк кызматын жана эл аралык мамилелердеги ролун баса белгилеп, аларга ийгиликтерди каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан