Тасманияда 160га жакын кичинекей кара киттер жээкке чыгып келишти

Австралиянын Тасмания арал өлкөсүндө 160ка жакын кичинекей кара киттер жээкке чыгып калышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мындай көрүнүш 1974-жылдан бери кайталанган эмес. Ал эми жалпы 157 кичинекей кара кит жээкке чыгып, алардын 90го жакыны азыркы учурда тирүү.

Тасмания парктары жана жапайы жаратылыш кызматынын өкүлүнүн айтымында, аталган жаныбарлар 24 сааттан 48 саатка чейин жээкте жашай алышат. Учурда жаныбарларды куткаруу иштери көрүлүп жатат.

Кара кичинекей киттердин жээке чыгып калышынын себептери тууралуу азырынча маалымат жок. Мындай учурлар Тасманияда кездешет, бирок массалык түрдө жээкке чыккан учур катталган эмес.

Кара кичинекей киттеросатка)бардык океандардын тропикалык жана субтропикалык сууларында, ошондой эле өтө терең сууларда кезигүүчү жаныбар. Булар сырт келбети кадимки киттерге жана дельфиндерге окшоп кеткен жырткыч жаныбар болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан