"Красавчиктер". Москвада кыргыз жараны "Крокуста" теракт жасагандарды колдогону үчүн абакка кесилди

Москва шаарында мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигрант социалдык тармактагы баракчалардын биринде Crocus City Hall борборундагы кол салууну уюштурган террорчуларды "красавчик" деп атаганы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

30 жаштагы мыйзамсыз мигрант Бекзат Абдинасир уулу Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.2-беренесинин 2-бөлүгү (Терроризмге коомдук чакырык) менен жазаланган. Ал Telegram каналдардын биринде террорчу делгендерге карата оң пикир калтырган.

"Красавчик жигиттер, мындай кылыш үчүн дагы чоң дух керек. Албетте, алардын кармалганы өкүнүчтүү", - деп жазган ал.

Мындан тышкары сот ага эркиндикке чыккандан кийин 2 жыл бою кандайдыр бир сайттарды башкарууга тыюу салды.

Белгилей кетсек, былтыр, 2024-жылы 22-мартта Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, 551 адам жаракат алган. Ошол эле күнү теракт боюнча 20 айыпталуучу өтүп жатканы, алардын 18и камакка алынганы, дагы экөө башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан