Бүгүн, 20-февралга караган түнү Чемпиондор Лигасынын плей-офф оюндары аяктап, жеңишке жеткен командалар мелдештин 1/8 финалына жолдомо алышты.
Буга чейин эң күчтүү сегиз команда Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалына түз жолдомо алууга жетишкен. Алар: "Ливерпуль", "Барселона", "Арсенал", "Интер", "Атлетико Мадрид", "Байер", "Лилль" жана "Астон Вилла".
Турнирдин 1/8 финалына чыккан калган 8 команда бүгүн түндө өткөн оюндардын жыйынтыгы менен аныкталды. Алар: "Бавария", "Реал Мадрид", "Бенфика", "Брюгге", "Фейеноорд", "Боруссия Дортмунд", "ПСВ" жана "ПСЖ".
1/8 финалга чүчү кулак эртең, 21-февралда ташталат. Бирок кайсы командалар бири-бири менен ойноп калышы мүмкүн экени белгилүү болду.
"ПСЖ" 1/8 финалда "Ливерпуль" же "Барселона", "Брюгге" "Лилль" же "Астон Вилла", "Реал Мадрид" "Атлетико Мадрид" же "Байер" менен, "ПСВ" "Интер" же "Арсенал", "Фейеноорд" дагы "Интер" же "Арсенал", "Бавария" "Атлетико Мадрид" же "Байер" менен, "Боруссия" өз кезегинде "Лилль" же "Астон Вилла" менен, ал эми "Бенфика" "Ливерпуль" же "Барселона" менен ойноп калышы мүмкүн. Бул божомол торчолорго жараша жазылды.
Алгачкы беттештер 4-5-мартта, жооптук беттештер 11-12-мартта болот.