Иранда согуш жөнүндө кино
тартылып жаткан аянттагы жардыруудан 5 адам мерт кетти. Бул боюнча 9-январда
чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 1980-1988-жылдардагы Иран-Ирак согушу тууралуу «Миражиха» тасмасы тартылып жаткан. Жардыруудан каза
тапкандардын арасында техникалык кызматкерлер, актёрлор жана атайын эффекттерди
берип туруучу адистер бар.
Окуя Тегерандан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан “Ыйык коргонуу” аянтында болгон. Актёрлор фильмде жардыруучу заттар колдонулганын
айтышкан. Кинонун режиссёру Масуд
Дехнамаки тасманын бет ачарын 2014-жылдын февраль айында өткөрүүнү пландап жаткан.