ӨКМ Кара-Суудагы кооптуу аймактан канча үй-бүлө көчпөй жаткандыгын ачыктады

Ош облусунун Кара-Суу районунда жер көчкү коркунучу жогору болгон аймакта 37 үй-бүлө жашап келет. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан жер тилкелери бөлүнгөн.
"Мамлекет тарабынан жардамдар көрсөтүлүп, коопсуз жерге көчүү үчүн жер тилкелери берилгенине карабастан, өздөрүнүн жана жакындарынын өмүрүн тобокелге салып, жашоону улантууда. Аталган үй-бүлөлөрдүн ичинен экөө мамлекеттен ссуда алып, ал эми дагы 14ү мындай мүмкүнчүлүккө ээ. Мындан тышкары 34 жаранга жаңы жер тилкелери бөлүнгөн", - деп билдирди ӨКМ.
Ошондой эле министрлик жыл сайын жер көчкү коркунучу тууралуу эскертүүлөрдү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келерин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан